Эртең, 25-апрелде күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Абанын температурасы:
- Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22;
- Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17;
- Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот.
- Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Түнкүсүн +9…+11, күндүз +19…+21 градус болот.