Эртең Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата Ала-Тоо аянтында майрамдык концерттин өтүшүнө байланыштуу саат 16:00дөн 00:00гө чейин унаа кыймылына чектөө киргизилет.
“Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз жана каттамыңызды алдын ала пландаштырып коюуңузду суранабыз”- деп берилет маалыматта.