Адам сергек болушу үчүн күн ичиндеги биринчи кофесин саат 11:00дөн кийин ичиши керек. Окумуштуулар иликтөө жүргүзүп, ушундай жыйынтыкка келишкен.
«Бул кортизолдун деңгээли менен стресс гормонуна байланыштуу. Таңкы убакытта алардын көрсөткүчтөрү жогору болот жана кофени эрте ичүү аларды ого бетер күчөтүп, тынчсызданууну пайда кылат»,- деп берилет маалыматта.
Алар, ойгонгондон соң кофени бир сааттан кийин ичүүнү сунуш кылышат. Ошондой эле бир күндө төрт кружкадан ашык ичпөө керектигин айтышат.