Эрулан Кокулов менен МККБнын кызматкеринин сүйлөшүүсү жарыяланды.
Маалыматка ылайык, видеодо Жогорку Кеңештин депутаты кызматтык зарылчылыкка байланыштуу «майда мыйзам бузууга укугум бар» деп айткан жана кош сызыкты кесип өтүүнү ушундай негиз менен түшүндүргөн. Ошондой эле ал өзүнө карата аракеттер «депутатка кол салуу» катары бааланышы мүмкүн экенин, кол тийбестик макамын эске салган.
Сүйлөшүү учурунда УПСМ кызматкери — Надыр Жусупбеков — мыйзамда депутаттын кол тийбестиги негизинен кылмыш жоопкерчилигине тиешелүү экенин, ал эми административдик жоопкерчилик жокко чыгарылбай турганын белгилеген.
Буга чейин Кокуловго унаа токтотуу эрежесин бузганы үчүн протокол түзүлгөн. Толук видеонун жарыяланышы соцтармактарда кеңири талкуу жаратып, коомчулукта мыйзам алдында баары теңби деген суроону кайра көтөрдү.
Видео: Семетей Аманбеков



