7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Манас шаарынын мэриясынын кызматкерлери арыктарды тазалашууда

365

Манас шаарынын мэриясынын коммуналдык мекемелеринин жумушчулары шаардагы темир-бетон арык куурларын жана жолдордун астынан өткөн куурларды тазалоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Манас шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда нөшөрлүү жаандан улам жолдорду жана айрым объектилерди каптаган сууларды өз нугунда агызуу үчүн топтолгон таштандылар тазаланып, суу өткөрүүчү куурлар ачылууда.

Урматтуу Манас шаарынын тургундары! Жолдорго, арыктарга жана коомдук жайларга таштанды таштабоого чакырабыз. Анткени кайдыгерлик менен ыргытылган таштандылар жаан-чачын учурунда арык-куурларга топтолуп, суу ташкындарынын пайда болушуна себеп болот.

366