7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эрулан Кокуловго жол эрежесин бузган үчүн протокол түзүлдү

187

Эрулан Кокуловго жол эрежесин бузган үчүн протокол түзүлдү. Бул тууралуу МККБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 26-февраль саат 21:30 чамасында “102” кызматына Тойгонбаев көчөсү 13 дарегинде жашаган тургундардан туура эмес токтотулган унаалар тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милициянын кызматкерлери Тойгонбаев көчөсүндө «Токтотууга тыюу салынат» деген жол белгиси орнотулганын аныкташкан. Ага карабастан, аталган белгинин алдында унаалар токтотулуп, башка жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жараткан.

Унаалардын биринин ээси дароо аныкталган. Ал унаа Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эрулан Кокуловго таандык экени белгилүү болгон.

Депутат окуя болгон жерге келип, укук бузуу боюнча протокол түзүүгө нааразычылыгын билдирген. Жыйынтыгында Бишкек шаарынын МККБнын кызматкерлери айдоочуга карата унааны токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн протокол түзүшкөн.

 

188