Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 15-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 7…12;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 14…19;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 8…13;
Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11 градус жылыйт.
Ал эми, Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз бир аз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 9…11 градус жылуу болот.