Белгилүү журналист жана коомдук ишмер Эсенбай Нурушев: 1924-жылы «Эркин тоо» гезитинин чыгышы өзү эле кыргыздар үчүн өтө зор тарыхый окуя болгон, аны – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө тете жетишкендик катары баалаш керек. Кыргыз коомундагы сабатсыздыкты жоюуда жана эл арасында маалымат таратуу иштеринде дагы бул гезиттин мааниси баа жеткис десе болот. Ошол кездеги заманда кыргыз коомуна агитатор менен пропагандист керек болчу жана ал милдетти «Эркин тоо» аткарган.
Советтик мезгилде, албетте, коммунисттик идеология өмүр сүрдү, аны баарыбыз башыбыздан кечирдик, бирок, ошол эле учурда, журналисттик милдетти так жана толук аткаруу мисалдары дагы арбын эле болгон жана ал кезде «Советтик Кыргызстан» деп аталган «Эркин тоонун» баш редактору Жаныбек Турсунов борбордук жана шаардык же райондук партия комитеттеринин кызматкерлери менен кадимкидей күрөшүү үчүн дагы шарт түзүп берген…