Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында утулуп калды.
Жарым финалда Акматалиев япониялык Таиши Нарикуни менен килем үстүнө чыгып, бири-биринин белине өтүп жатып биринчи бөлүк 6:6 тең эсебинде жыйынтыкталды.
Экинчи бөлүктө кыргыз балбаны Нарикунинин белине өтүп, чийинден сыртка чыгарды, бирок төрт упай алдырып жиберди.
Эсеп 10:10, япониялык балбан акыркы упай алганы үчүн жеңиш ага ыйгарылып жатканда, кыргыз тарап калыстар акыркы ыкманы кайра карап чыгуу үчүн “челлендж” баскычын басты. “Челлендж” утулуп калып, япон тарапка бир упай менен кошо жеңиш берилди.
Белгилей кетсек, эми Акматалиев коло үчүн күрөшкө чыгат.