7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
10°C

Эсеп 18.0. Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Ирандын командасын жеңип алды

228

Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы үчүнчү дивизиондун командалары арасындагы дүйнө чемпионатында алдыда келе жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 3-мартта кыргызстандыктар Ирандын курама командасы менен беттешип, 18:0 эсебинде ишенимдүү түрдө жеңишти камсыздашты.

Төрт турдун жыйынтыгы боюнча биздин команда мүмкүн болгон 12 балдан 12 балга ээ болду. Ошентип, алар үчүнчү дивизиондун (Б группасы) командаларынын арасындагы дүйнөлүк чемпионатында алдыда келе жатат.

Белгилей кетсек, турнир ушул күндөрү Сараево шаарында (Босния жана Герцеговина) 6 команданын катышуусунда өтүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

229