7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын түштүк бөлүмүнүн инспектору кармалды

289

Ошто 700 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу жана алуу фактысы боюнча Эсеп палатасынын мамлекеттик инспектору жана анын ортомчусу кармалды.

Такталгандай, Эсеп палатасынын инспектору Тогуз-Торо районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына текшерүү жүргүзүү учурунда айыл өкмөттөрдүн биринде майда каржылык мыйзам бузууларды аныктап, мыйзам бузууларды жашыруу үчүн башкы эсепчиден 700 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Аталган кызматкерге карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Мындан улам, кол алдындагы кызматкери пара алып кармалгандан кийин Эсеп палатасынын аймактык бөлүмүнүн башчысы А.Кожомуратов өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

Эскерте кетсек, 2025-жылдын 9-июлунда, Ош шаарында УКМКнын төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик башчылары менен жыйын өткөрүп, Эсеп палатасынын Ош шаары, Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн башчысы Азим Кожомуратовго кол алдындагылардын коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендиги тууралуу сурап, ага инспекторлору кызматтан кетүүгө даяр эместигин тастыктап, жооп кайтарган.

290