7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эсептөө палатасынын кызматкерлери кармалды

290

УКМК Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө пара алуу жана берүү фактысын аныктады.

Эсептөө палатасынын бул бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М. кызматтык абалынан пайдаланып, кызматтык мөөнөтүнүн кыска мөөнөтүндө аудитордук текшерүүлөрдүн жылдык, кварталдык пландарын даярдоодо жана түзүүдө, ошондой эле текшерүү объекттери боюнча инспекторлорду бөлүштүрүүдө туруктуу коррупциялык схеманы түзгөндүгү такталды.

Ал белгилүү бир акчалай сыйлык үчүн мамлекеттик инспекторлордун жакындарын максималдуу аярлуу жана финансылык жактан камсыз болгон мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарга жөнөткөн, алар кийин объекттердин жетекчилерин опузалап, пара берүүгө көндүрүшкөн.

5-декабрда жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын алкагында Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси К.М.М., ошондой эле мамлекеттик эки инспектор кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

291