7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК документтерди жасалмалоого шектүү жактоочуну кармады

363

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алдамчылыкка жана документтерди жасалмалоого шектүү жактоочуну кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

М.С.А. аттуу адвокат жактоочулук ишин жүргүзүү менен, сот органдарындагы кызмат адамдар менен байланышы бар экендигин айтып, ишенимге кирип, 22 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын ээлеп алган.

Мындан тышкары ал өзүнүн кылмышын жашыруу максатында документтерди жасалмалаган. Буга байланыштуу Башкы прокуратура тарабынан экинчи кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын алкагында анын кылмыш жосундарына катыштыгынын төгүндөлгүс далилдери документтештирилген.

Мындан улам, 30-ноябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен М.С.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

 

 

364