7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Эшектер камакта”. Балыкчы мэриясы шаар тургундарына кайрылды

662

Балыкчыда шаар аралап, жаш бактарды сындырып, газондорду жеп жүргөн эшектер камакка алынды. Бул тууралуу фейсбукта Балыкчы прессадан билдиришти.

“Урматтуу шаар тургундары малдарды кароосуз калтырбай, жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. Ээси белгисиз малдар учурда “Жашылдандыруу чарбасы” муниципалдык ишканасынын борбордук парктагы атайын кармоочу жайында турат. Эшектердин ээси чыкса, 0701330169, 0702555321 номурларына байланышууга болот.

Шаарыбыздын маданий эс алуучу жайларына — парк, скверлерге, көчөнүн газондоруна кирген мал ээлерине мыйзамга ылайык тийиштүү чаралар көрүлөөрүн, КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынаарын “Жашылдандыруу чарбасы” ишканасы эскертет. Андыктан шаардагы мал ээлерине малдарын үйдө кармап багуу талабын коюуда”,-деп берилет маалыматта.

 

663