7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эскертүү! 1-декабрдан тарта оң рулдуу унааларга тыюу салынат

135

1-декабрдан тарта оң рулдуу унааларга такси кылууга тыюу салынат.

Буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы такси кызматынын айдоочуларын лицензия алуу үчүн документтерди өз убагында даярдоого жана тапшырууга чакырат.

Лицензия алуу үчүн төмөнкү документтерди чогултуу талап кылынат:

жеке жактар үчүн:

  • транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн, транспорт каражатын башкаруу укугуна ишеним каттын көчүрмөсү;
  • техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө актынын көчүрмөсү;
  • ташуучунун жүргүнчүлөрдүн алдындагы жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу келишиминин көчүрмөсү;
  • менчик укугунда же оперативдүү башкаруу укугунда автомобилдик транспорт каражаттарын күн сайын рейс алдында техникалык кароо жана айдоочуларды медициналык кароо үчүн өндүрүштүк-техникалык базасы бар юридикалык же жеке жактар менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү;
  • үч жылдан кем эмес айдоочулук стажы бар тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • белгиленген формадагы ден соолуктун абалы жөнүндө медициналык маалымкат;
  • соттолбогондугу тууралуу маалымкат.

Акыркы мөөнөт — 2025-жылдын 1-декабры.

Белгиленгендей, оор жана анча оор эмес кылмыштар боюнча соттолгон жарандарга лицензия берилбейт.

136