Кыргыз-кытай чек арасы 19-сентябрдан 21-сентябрга чейин жабылат. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Буга Кытайда «Күздүн орто чени» майрамынын белгилениши себеп болууда.
«Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү бекеттери транспорт жана жүк алып өткөндөр үчүн убактылуу жабылат», — деп жазылат маалыматта.
22-сентябрдан баштап чек ара пунктулары санитардык алгоритм менен ишин жандантат. Тагыраагы, жүк ташуучу автоунаалар Кытайдан Кыргызстанга кайрадан өткөрүлө баштайт.