7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эскертүү: Октябрдан тарта коопсуздук курун тагынбагандар айып пул төлөшөт

277

2025-жылдын 1-октябрынан тартып “Коопсуз өлкө” долбоорунун алкагында орнотулган аппараттык жана программалык системалар, коопсуздук курун тагынбаган айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү автоматтык түрдө каттай баштайт. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Анын айтымында, мындай чара жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу, эреже бузуулардын алдын алуу максатында киргизилүүдө. Мыйзам бузуулар фото жана видеокөзөмөл аркылуу аныкталып, аппараттык-программалык системалар тарабынан катталган башка мыйзам бузуулар үчүн айып пул салынат.

Кыргызстанда коопсуздук курун тагынбагандар үчүн айып пул 1000 сомду түзөт.

Ички иштер министрлиги айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү өз өмүрү жана коопсуздугу үчүн, жол эрежесин так сактоого, коопсуздук курун тагынууга чакырды.

 

 

278