7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эт, май, ун… Социалдык маанидеги товарлардын баасына көзөмөл күчөтүлдү

201
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өлкөнүн бардык аймагындагы базарларда, супермаркеттерде, дүкөндөрдө жана гипермаркеттерде социалдык маанилүү товарлардын баасына күчөтүлгөн тартипте мониторинг жүргүзүп баштады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча товарлардын базардагы баасы улам катталып тургандыктан, кайсынысынын наркы кескин өсүп кеткени дароо анык болот.
Белгилей кетсек, социалдык маанидеги товарлардын катарына ун, нан, суу май, эт, кумшекер, жумуртка, картошка, сабиз, пияз ж.б. кирет.
Эгер баа негизсиз жогорулатылган болсо же мамлекеттик жөнгө салуу тартиби бузулса, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын аймактык бөлүмдөрүнө төмөнкү номерлер менен кайрылыңыз:

Борбордук аппарат: Бишкек ш., Байтик баатыр көч., 7б/1 — 0312 56 31 97;

Чүй облусу: (312) 66 52 04;

Бишкек шаары: (312) 66 49 44;

Ош облусу: (3222) 5 50 97;

Ош шаары: (3222) 5 63 42;

Баткен облусу: (3622) 5 03 23;

Талас облусу: (3422) 5 58 51;

Ысык-Көл облусу: (3922) 3 18 86;

Жалал-Абад облусу: (3722) 7 00 25;

Нарын облусу: (3522) 5 09 53.

202