7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Этти көп колдонуу ашказан рагына алып келеби?

748

Туура тамактануу режимин сактабагандыктан ашказан оорулары пайда болот эмеспи. Ал эми ар бир тамакка кошулуп, даам берген этти дайыма колдоно берүү туурабы? Бул тууралуу Онкохирург Сүйүтбек Дөөлөтбеков маектеринин биринде айтып берген.

«Ашказан оорусуна алып келүүчү факторлор туура эмес тамактануудан башталат. Ачка жүрүп дароо тоюп алуу бул туура эмес… Ал эми, ышталган, куурулган тамактарды өтө көп колдонуу дагы ден-соолукка зыян. Эт азыктарын көп колдонуу кандайдыр бир деңгээлде түздөн түз рак оорусуна алып келбейт. Бирок, ашказандын ички катмарына өзүнүн таасирин тийгизип, былжыр кабыкчасын, катмарын кандайдыр бир деңгээлде өзгөрүүгө алып келип, бара-бара рак оорусуна алып келиши мүмкүн. Негизи эле этти сиңирүү кыйыныраак болот эмеспи. Бир жумада эки жолу жесе туура болот, күнүгө жей берүү ден-соолукка терс таасирин тийгизет»,-дейт Сүйүтбек Дөөлөтбеков.

Ошондой эле алькогол ичимдиктери, тамеки чегүү дагы ашказанга өзүнүн терс таасирин тийгизээрин белгилеп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

749