Кечээ, 17-ноябрь күнү угуусу начар спортчулар арасында кичи футбол боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды.
Мелдешке Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан жана Россиянын курама командалары катышты. Жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана кубок тапшырылды. Биринчи орунду “Россия 1” командасы, экинчи орунду “Россия 2” командасы жана “Өзбекстан 1” командасы үчүнчү орунду ээледи.
1. “Мыкты оюнчу” — Торопов Кирилл (Россия 1);
2. “Мыкты дарбазачы” — Хуршуд Зулунов (Өзбекстан 1);
3. “Мыкты чабуулчу” – Турсунов Темир (Өзбекстан 1);
4. “Мыкты коргоочу” – Шынышбек Руслан (Казакстан).
Белгилей кетсек, аталган мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда 15-ноябрь күнү старт алган.