Соң-Көл жайлоосунда кар болжол менен 40-50 см, айрым аймактардагы унаа жолдо 1 метрге чейин жеткен күрткүлөр пайда болгондуктан Молдонун-Бели ашуусунда «Кара-Кече» көмүр кенине барган оор жүк ташуучу автоунаалар көмүр жүктөп келе жатышып калып калган.
Мындан улам 16-17-ноябрь күндөрү Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан көмүр тарткан автоунаалардын айдоочулары коопсуз жайга жеткирилген.
«Ал эми бүгүн, 18-ноябрда саат 7:00дөн баштап куткаруучулар менен биргеликте Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун 18 жол тейлөө мекемесинин 1 даана бульдозери менен Ак-Талаа районунун 5 жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери Молдонун-Бели ашуусунун, Соң-Көл жайлоосунун жолдорун тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Автоунааларды ашуудан түшүрүүгө, жолду ачууга жардам кылууга бөлүмдүн 1 даана авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу чыгышты»,- деп берилет маалыматта.