7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген жарандын ырайымсыз мамилеге туш болушу тууралуу милиция үн катты

866

Буга чейин Кыйноолорду алдын алуу борбору Ноокендеги адам өлтүрүүгө шектелген жаран ырайымсыз мамилеге туш болгонун айтышкан. Бул тууралуу 7-каналга Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы окуя боюнча маалымат беришти.

«Ушул жылдын 17-ноябрь күнү саат 11:00 чамасында Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору Б.Рысбаев жана өзүн Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова деп ооз эки тааныштырган жаран Ноокен РИИБдин имаратына келип суткалык нөөмөттө турган кызматкерлерге 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген О.А. менен жолугушаарын айтышкан. Бирок ал учурда шектүү РИИБдин тергөө кызматынын бөлмөсүндө тергөө амалдары жүргүзүлүп окуя боюнча кошумча сурак болуп жаткан. Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору тергөө кызматынын бөлмөсүнө кирип тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын көрүп кайра чыгып кеткен, ал эми ЖКнын депутатымын деген айым РИИБдин короосунда күтүп туруп Рысбаев менен өз ара сүйлөшүп турганда телефонуна чалуу болуп чыгып кетип калышкан. Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директору жана өзүн Жогорку Кеңештин депутаты деп ооз эки тааныштырган жаран менен шектүүнүн жолугушуусуна Ноокен РИИБдин кызматкерлери тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон эмес. Шектүү тергөө кызматында сурак берип жаткандыгын Рысбаев келип өз көзү менен көрүп чыгып кеткендигин видео байкоолордон да көрүүгө болот.

Ал эми шектүү денесиндеги жарааттары боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилгенге чейин соттук-медициналык экспертиза дайындалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилип жаткан учурда да Ноокен аймактык ооруканасынын Хирургия бөлүмүнөн көзөмөлдөн өтүп жаткан учурда денесиндеги жарааттарын врачка мындан 2-3 күн мурда үйүндө жыгылып түшкөндүгүн айтып көрсөткөн.

Ошондой эле баса белгилеп кетүүчү жагдай, 15-ноябрь күнү шектүүнүн үйүнө жана үйүнүн короо жайларына Ноокен райондук сотунун токтомунун негизинде, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан үйү тинтүүгө алынып үйүнүн короосунан киши колдуу болуп каза болгон 19 жаштагы кыздын каза болгон учурда кийип жүргөн кийимдери табылып далил буюм катары алынып, тергөөдө мыйзамдуу өкүл катары өтүп жаткан кыздын апасына кийимдерин таанытуу протоколу түзүлгөн. Ошол эле учурда саат 11:00 чамасында Ноокен РИИБдин имаратына Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери А.Эрматов жана М.Апсатаровдор келишип, убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүү менен убактылуу кармоочу жайынын тергөө бөлмөсүндө өз ара сүйлөшүшүп чыгышып, РИИБдин короосунда каза болгон кыздын апасы Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлерине “силер ушул канкорду коргоп жүрөсүңөр, мен 19 жаштагы жалгыз кызыман айрылдым, силерде да кыз бар го. Мен акырына чейин барамын” — деп ачууланып сүйлөп, телефонунун камерасына тартып өз ара кайым айтышуулар болуп Эрматов жана Апсатаровдор РИИБдин короосунан чыгып кетип калышкан.

16-ноябрь күнү Ноокен райондук прокуратурасынын тергөө кызматы тарабынан РИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турган шектүүнү окуя боюнча сурак кылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп, шектүүнүн денесиндеги эски жарааттары боюнча тишелүү экспертизалар дайындалган»,-деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

867