Таласта мас абалындагы жарандардын ортосунда мушташ чыккан. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 13-ноябрь түнү саат 02:40 чамасында Талас шаарынын Оторбаев көчөсүндө жайгашкан Алтын-Казык соода борборунда мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Анда соода борборуна келген бир нече жарандар пикир келишпестен урушуп кеткендиги аныкталган. Видео тасмадагы 7 жаранды милиция кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнө алып келишкен.
Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү учурунда алар тойдон чыккандыгы жана мас абалда экендиги аныкталган.
Наркологиялык бөлүм алардын спирт ичимдигин ичкендигин тастыктаган. Андан тышкары, 1998-жылы туулган окуяга байланыштуу Талас шаарынын тургуну травматология бөлүмүнө түшкөн. Бирок, окуяга катышкан жарандардын бардыгы жана соода борборунун администрациясы арыз даттануудан баш тартышкан.
Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.