7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Төрөлгөндө эки тизем чыгып кеткен». 20 жаштагы Азисбек Дубайда өтө турган «Дүйнөлүк кубокко» даярданууда

663

Замирбек уулу Азисбек 2002-жылы Талас облусуна караштуу Калба айылында төрөлгөн. Ал үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжеси. Учурда спорттун пауэрлифтинг деген түрү менен машыгып келет.

Саламатсызбы? Азисбек мырза өзүңүз жөнүндө тааныштыра кетсеңиз?
— Мен Замирбек уулу Азисбек Талас облусунун Талас районунун Калба айылынын тургуну. 2002-жылы жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кенжесимин.

-Балалыгыңыз жөнүндө  кыскача айтып берсеңиз?

— Мен төрөлгөндө эки жамбашым жана эки тизем чыгып кеткен. 3 жашымда 2 жамбашыма операция жасалган, 9 жашымда 2 тиземен операция болгом. Кандай гана кыйынчылыктар болсо да баарына чыдап мектепке барып келип окуучумун. Операция болгондон кийин 1 жылдан ашык төшөктө жаттым. Азыр сылтып басам. 2013-жылы шаарга көчүп келгенбиз 11ди бүткөндөн кийин электрик болгум келип, окууга тапшыргам. Бирок азыр өз кесибим боюнча иштебейм.

—  Азыркы учурда эмне менен алексиз?

— Спорт бул ден соолуктун булагы демекчи. Мен азыркы учурда спорт менен алектенем. Азыр олимпиадага даярдык катуу жүрүп жатат. Ошого даярданып жаткан учурум.

— Спорт деп калдыңыз кандай ийгиликтерге жетишкенсиз, спорттук кандай түрү менен  машыгасыз?

— Менин спортко аралашканыма 5 жылдын жүзү болду.  Спорттун пауэрлифтинг деген түрү менен машыгам, жерге жатып штанга көтөрүү. Кыргызстандын зборный командасына 2018-жылы кошулгам. Бул убака чейин ондон ашык мамлекетке барып ийгиликтерге жетишип келдим. Ушул жылы июль айында Южный Кореяга барганбыз. Ал жактан жаштар арасында өткөн  чемпионатта Азиянын рекордун жаңылып 1-орунду алдым.

-Сиздин ийгиликтерге жетишкениңизге ким себепкер болду? Деги эле спортко аралашканыңызга ким түрткү берди?

-Менин спортко келишиме биринчи өзүмдө кызыгуу болду. Андан кийин атам менен апам болду. Менин ушул убакка чейиники жетишкендиктериме тренеримдин салымы чоң.

-Алдыдадагы максаттыңыз, пландарыңыз тууралуу айта кетсеңиз.

-Жакында Дубайда болчу «Дүйнөлүк кубокко» катуу даярдык жүрүп жатат. Азыркы тапта Ысык-Көлдө даярданып жаткан чагым. 54 кг салмакта 135 кг салмакта көтөргөнгө даярданып,  аракет кылып жатам. Ушул жактан ийгиликке жетүү жана дагы 2024-жылы Парижде болчу олимпиадага катышуу бирден бир максаттарымдын бири.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

664