7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчы Көлбаев 10 адам менен чогу кармалды (ФОТО)

1149

«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчы Көлбаев жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-ноябрда Кыргыз-Кытай чек арасына жакын жердеги (Жети-Өгүз району) “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды.

«Бул боюнча Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык К.Асанбек жана анын жанындагыларга карата административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган. Ошентип, Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренесин (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери көрүнгөн»,- деп берилет маалыматта.

Азыркы учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1150