Туура тамактануу режимин сактабагандыктан ашказан оорулары пайда болуп, өтүшүп кетсе ашказан рагына чейин алып келиши анык. Туура тамактануу жашообузга канчалык маанилүү экенин билесизби? Бул тууралуу Онкохирург Сүйүтбек Дөөлөтбеков маектеринин биринде айтып берген.
«Ашказан оорусунун баштапкы белгилери алсырап тез-тез чарчоо, арыктоо, көңүл айлануу, бат тоюу, кан аздылуук, көңүлү жок болуп депрессияга түшүү, табиттин бузулушу (аппетиттин) жок болушу. Эгерде бул белгилер байкалса дароо жергиликтүү ооруканага кайрылуу зарыл. Сөзсүз түрдө дарыгерлерден кеңеш алып, текшерүүлөрдөн өтүү керек. Дартты аныктап алган соң өз стадияларына жараша дарылануу шарт. Ар бир оорунун өзүнүн дарылануу тепкичтери бар ошолор аркылуу дарылоо керек. Ашказандын рагы тукум куучулук маселеси бар. Эгерде атасы же апасында ашказан рагы болсо балдарына өтүшү мүмкүн. 40 жаштан өткөндөн кийин 1 жылда бир жолу оорубасаңыз дагы текшерилип турушуңуз керек. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, кечки тамакты саат 7 же 8 де тамактануу керек. 8ден кийин тамактануу туура эмес. Тамактангандан кийин сөзсүз тамакты сиңирүү керек, сейилдөөгө чыгып жана башка жолдор менен. Ошондой эле тамактанып туруп дароо уктап калуу болбойт. Тамакты сиңирип уктаса адам өзү жакшы эс алат»,-дейт Сүйүтбек Дөөлөтбеков.