7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Милиция кызматкерлерине айлык акыдан сырткары үстөк акы толугу менен төлөнүп берилди

433

Министрлер кабинетинин Токтомуна ылайык, Ички иштер министрлигинин буйругу чыккан. Анда ар бир айда  ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы менен кошо үстөк акы 20000 сом төлөнүп турат. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ошондой эле, өзгөчө абалда  кызматын өтөшкөн ички иштер органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан шыктандыруу максатында Баткен ОИИБдин бир катар бөлүктөрүнө ай сайын кошумча акы төлөнүп берилип турат. Баткен, Лейлек райондорунун, Баткен жана Сүлүктү шаарларынын аймагында кызматын өтөшкөн милиция кызматкерлери менен Ички аскерлердин аскер кызматчыларынын айлык акысына ар бир ай сайын 30000 сомдон үстөк акы кошумча төлөнүп берилет. Бул үстөк акы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде делимитация жана демаркация процесстери толук аяктаганга чейин төлөнүп турат.

Бүгүнкү күнү ИИМдин көпчүлүк бөлүктөрүндө октябрь айы үчүн айлык акыдан сырткары  үстөк акы дагы төлөнүп берилди. Айрым бөлүктөр үстөк акыны кийинчерээк алышат. ИИМдин Күзөт кызматы  менчик ээлеринен келишим боюнча келип түшкөн өзүн-өзү актоо, өзүн-өзү каржылоо принциптеринде жана атайын эсептин каражаттарынын эсебинен камсыздалат. Азыркы учурда ИИМдин Күзөт кызматы күзөт кызматын көрсөткөндөрү үчүн келишимдерди кайрадан түзүү боюнча иштерди жүргүзүп жатышат. Бул иш-чаралар толук аяктагандан кийин ИИМдин Күзөт кызматынын милиция  кызматкерлери  1-октябрдан тартып үстөк акы толук кайрадан төлөнүп берилет.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 19-сентябрь күнү президент Садыр Жапаров “КРнын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине акчалай үлүштү төлөө системасын өркүндөтүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон.

Жарлыкка ылайык, аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин материалдык жыргалчылыгын жогорулатуу жана кызмат өтөө милдеттерин аткаруу үчүн тийиштүү шарттарды камсыздоо максатында, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акы фондунун 80 пайызына чейин жогорулатылган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

434