Камчы Көлбаев жана анын жакын адамдары түшүндүрүү иштеринен кийин эле бошотулганы маалым болду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 16-ноябрда УКМК Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, кыргыз-кытай чек арасына жакын жердеги “Булат-М” мергенчилик талаасынан кайтып келе жатканда “Карасай” чек ара пунктунан «мыйзамдагы ууру» деп аталган Камчы Көлбаев (Асанбек) жана анын жакын санаалаш 10 адамы кармалган.https://7tv.kg/kamchy-k-lbaev-10-adam-menen-chogu-karmaldy-foto/.
Текшерүүнүн жүрүшүндө кармалгандар КРнын мамлекеттик органдарынан тиешелүү уруксаттары жок чек ара аймагында жүргөндүгү аныкталды. Бул боюнча мыйзамга ылайык, кармалгандарга административдик камакка алуу боюнча тиешелүү протоколдор түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында 8 даана ок атуучу курал (4 «Сайга» карабини жана 4 даана «ПМ» жана «Глок» үлгүсүндөгү тапанча) табылып алынган. Ошентип, Асанбектин жана анын жакын санаалаштарынын иш-аракеттеринде КРнын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 429-беренеси (Мамлекеттик чек ара режимин, чек арага жакын аймактардагы чек ара режимин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарындагы режимди бузуу) боюнча кылмыш белгилери аныкталган.