7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиянын эң кооз 5 туристтик маршруту (ФОТО)

594

Түркия дайыма туристтердин жакшы эс алуусу, көңүл ачуусу үчүн эң мыкты шарттарды түзгөнгө аракет кылып келет. Жер Ортолук деңизи, Эгей жана Кара деңизге чектеш бул өлкө жашыл табияты, жумшак, жанга жагымдуу абасы, тарыхый байлыктары, жергиликтүү ашканасы жана жылуу мамилеси менен туристтерди өзүнө тартып турат. Туристтерге камкөрүү түрк өкмөтүнүн башкы милдеттеринин бири катары болуп саналат. Унаада жүрөсүзбү, учактасызбы, кербендесизби, өзүңүз, үй-бүлөңүз же досторуңуз менен болосузбу туристтик маршруттар ар дайым сиздин кызматыңызга шай турат.

Чанаккале — Айвалык маршруту
Түндүк Эгей менен Чанаккале — Айвалык багыты аймактын бай маданий мурасын, кооз табиятын жана таза пляждарын көрсөткөн маршрут десек болот. Бул аймак жашыл түстүү кооз пейзаждары, элеттеги байыркы шаарлары жана жаңы жергиликтүү продукциялары менен саякатчыларды өзүнө тартып келет. Велосипед, мотоцикл, автоунаа же кербен менен жүргөндөргө да Чанаккале-Айвалык маршруту бүт жагынан ыңгайлуу келет.

Чанаккаледен чыккан маршрут калың токой каптаган Галлиполи жарым аралын аралап өтүп шаарга кирет. Зыяратчылар Байыркы Чанаккаледе Гомердин «Илиада» жана «Одиссея» эпосторунун издери сакталган айылдар жана ал жерлердин миң жылдык тарыхын көрө алышат.
Байыркы Троя шаары Эней жолундагы биринчи аялдама болуп саналат. Европа Кеңеши бул жолду Түркиядан башталган жалгыз маданий каттам катары биринчилерден болуп каттоого алган. Тарых барактарында Эней легендарлуу эгиздер, Рим шаарынын негиздөөчүлөрү Рем менен Ромулдун түпкү атасы болгондугу жазылат. Уламыштарда Эней күйүп жаткан Троя шаарынан Греция, Албания жана Тунис аркылуу качып өтүп, акыры аягы Италияга өзү жасаган кемелери менен келгендиги айтылат. Ошондуктан Эней Түркиядагы маанилүү маршруттардын бири болуп эсептелет. Бул аймак табигый жана археологиялык объектилерди жана айылдык ландшафттарды бириктирип турат. Алардын айрымдары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Чанаккаленин түштүгү Айвачикта байыркы Ассос шаары жайгашкан. Деңиз, плаяждарда эс алганыңыздан кийин чакан-чакан байыркы айылдарды кыдырып, ал жердеги таштан салынган үйлөрдү да көрсөңүз болот. Андан соң Ассос булуңундагы Сиврицке токтоп глэмпингдерде эс алып кетиңиз. Зайтун дарактары менен курчалган (Гомер эпосундагы белгилүү тоо) Ида тоосу табият менен жалгыз калгысы келгендер үчүн эң сонун жер.

Айвалык менен баса берсеңиз Эдремит районундагы Алтынолукка жетесиз. Алтынолук бул – деңиз жээктей жайгашкан шаар. Алтынолукта Ида улуттук паркы, Сүтүвен шаркыратмасы, Хасанбогду көлмөсү жана Шахиндереси каньондору жана маанилүү, заманбап спа-борборлор бар. Эдремит менен байланыштуу Гюре региону жыл сайын өз спа-борборлоруна дүйнөнүн булуң бурчунан миңдеген туристтерди кабыл алат.
Айвалик — Чешме маршруту

Айвалыктан кийин Мадра тоолорунун этектери жана Бергама жолунан өтүп, байыркы Пергамон шаарына жетесиз. Сиздин кийинки маршрутуңуз тарыхый Фоча шаары болушу болот. Эски Фоча деп аталган бул калаа ийри жолдору, тарыхый атмосферасы менен кызык. Гомердин эпосторунда тилге алынган Фоча айылы учурда жоголуп кетүү коркунучунда турат. Фоча бүгүнкү күндө да мурункудай эле балык уулоо порттору жана даамдуу деңиз азыктары менен белгилүү.

Бул каттамдагы дагы бир маанилүү аялдама бул – Урла. Урла өзүнүн артишоктору жана гурман ресторандары менен белгилүү.

Ошондой эле Сеферихисар, Деңиз-кум-күн туризминин борбору болгон Кушадасы, жергилүү шараптары менен белгилүү Ширинже айылы, муну менен катар байыркы Милет, Приена жана Эфес шаарлары, Жети уктоочу жана Бүбү Мариям чиркөөлөрү менен кишинин көңүлүн бурат.

Бул маршрут боюнча акыркы аялдама — Чешме. Чешме Измир жана Алачатадан бир аз алысыраак жайгашкан таш курорттору менен белгилүү болгон эс алуучу жай.

Калкан — Анталия маршруту. Калкан жана Анталия маршруту боюнча сиз Патара, Калкан, Каш, Олимпос, Чыралыны басып өтүп, Антальяны көздөй саякаттай аласыз.

Байыркы Патара шаары жана 12 чакырымдык пляж аймактагы эң кооз локация болуп саналат. Убагында эң маанилүү шаарлардын сап башында турган Патара шаары учурда да тарыхый образын жоготкон эмес. Байыркы калаа бүгүнкү күндө өз театры, парламент имараты, маяк, шаар аркасы, колонналуу көчөлөрү, храмдар жана чиркөөлөр ж.б ушул сыяктуу курулуштары менен антиктик көркүн сактап келе жатат. Ошондой эле Патара Санта-Клаус образы менен дүйнөгө белгилүү Николай Чудотворецтин туулган жери болуп саналат.

Николай көп жылдар бою эпископ болуп кызмат кылып, олуялыкка да жеткен. Бул маршруттун тарыхый аялдамасы болсо – Демре. Ыйык Николайдын сөөгү дал ушул Демреге коюлган. Ал жер Орто кылымдарда эле белгилүү чиркөөгө айланган.

Эгер сиз Жер Ортолук деңизинин бермети болгон Антальяда саякаттап жүргөн болсоңуз, Каш шаарына да баш бага кетиңиз. Бул каттамда сиз Каш-Калкан жолундагы кичинекей каньондорду, пляж, Капуташ, Олимпос жана Чыралы сыяктуу деңиз жээктей жайгашкан байыркы айылдарды көрө аласыз.

Сууга түшүү туризми боюнча дүйнөгө таанылган Каштан күн сайын кеме турлары уюштурулат. Мындай турларда туристтер Жер Ортолук деңизи, анын тарыхы, цивилизациясы тууралуу баалуу жана сырдуу маалыматтарга ээ болушат.

Каштан чыккандан кийин маршрут Чыралы аялдамасына бет алат. Ал жерде сиз деңиз ташбакалары жана байыркы шаардын урандыларын көрө аласыз. Андан ары болсо Анталияга жол алып, ал шаарда бир канча күн калсаңыз болот.

Анталия бул – деңиз-кум-күн жана табият менен гармонияда болгон тарыхый шаар. Анталияга барып калсаңыз археологиялык музейге кирбей өтпөңүз. Ал жерден сиз Жер Ортолук деңизиндеги түрдүү цивилизациялардын баалуулуктары, эмгектери менен тааныша аласыз.

Эскишехир — Испарта маршруту. Кийинки маршрутубуз болсо эми Эскишехирден чыгат да, андан ары Испартага чейин барат. Эскишехир да тарыхый шаар. Калаадагы Одунпазарда Атлыхан кол өнөрчүлүк базары бар. Ал жерден сиз байыркы салттуу кол өнөрчүлүктүн үлгүлөрүн көрө аласыз. Одунпазар тарыхый шаар катары ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Кошумчалай кетсек, Сепиолит (Меершам) музейи дүйнөдөгү жалгыз музей болуп саналат.

Эскишехирден чыгып, Ыспарта тарапка бурулганыңызда көз жоосун алган кооз жаратылышка туш болосуз. Табигый кооз жерлердин сап башында Ыспартанын эң тынч, Гиттаслов шаарлары Ялвак жана Эгир турат.

Ошондой эле куштардын жүздөгөн түрү жашаган Ковада көлү улуттук паркы, Түркиянын сейрек кездешүүчү кратер көлдөрүнүн бири болгон Гөлжүк жаратылыш паркы, Эгир көлү жана Лаванда бактары менен көз жоосун алган Куйучак айылы бар.
Ушул эле аймакта Саинт Паул жолу да жайгашкан. Бул жол христиандардын алгачкы миссионери Саинт Паулдун атына коюлган. Саинт Паул жолунун эки миң жылдык тарыхы бар.

Болу — Чамлыхемшин маршруту

Кезектеги маршрутубуз болсо жапжашыл жол, керемет көлдөрү менен белгилүү Болу шаарынан Ризе облусунун Чамлыхемшин айылына чейин барат. Кара деңиздин жээги укмуштуудай пейзаждарды – кереметтүү жашыл токойлорду жана көгүлтүр суулары менен көз жоосун алат.

Маршрутубуздун кийинки аялдамасы бул – Орду шаары. Бейшемби жана Чамбашы платолору, Чисели жана Узундере шаркыратмалары Ордунун кооз жерлеринин бир нечеси гана. Трабзондогу Сүмела монастыры да маанилүү тарыхый объктилердин бири десек болот. Православдык бул монастыр ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Эгер акыркы аялдамабыз Чамлыхемшин болсо, Айдер, Покут, Гито жана Сал платолорун да көрө аласыз. Ошондой эле түрдүү жашылча чөптөр жана органикалык азыктарга байга Кара деңиз ашканасына да баш багып, даам сызып кетсеңиз болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

595