7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сарымсак ден-соолукка өтө пайдалуу табигый антибиотик

697

Сарымсак ооруларга таасир этүүчү пайдалуу табигый антибиотик. Ал кээ бир оорулардын алдын алуучу күчтүү азык болуп саналат. Күн сайын даамданган тамактардын көпчүлүгүндө кошулуп, илгертен бери эле колдонулуп келген. Бул ирет сөз ачуу жана жагымсыз жыт берген, бирок пайдалуу сарымсак жөнүндө болсун.

Учурда сарымсак менен расмий түрдө эмнелерди дарылашат?

Сасык тумоонун, суукка урунуунун, башка инфекциялардын алдын алууда, дарылоодо колдонсо:
– Иммунитетти күчөтөт
– Микробго жана вируска каршы таасирге ээ

Жүрөк жана кан тамыр ооруларында колдонсо:
– Кандагы холестеринди жана майды азайтат
– Тромбоциттердин (кан клеткалары) жабышып, бүртүкчөгө айланып калуусунун алдын алат
– Кан басымды төмөндөтөт
– Кан тамырлардын серпилгичтигин жогорулатат
– Кан тамырларда кальцийдин топтолуп калышына бөгөт болот

Боордун ооруларында колдонсо:
– Өт айдоочу таасирге ээ
– Боорду уулардан жапа чегүүдөн сактайт
– Уулуу заттарды зыянсыз кылууда боорго көмөктөшөт

Алдын алуу түрүндө эмнелерди дарылашат?
Рактын алдын алууда жана дарылоодо:
– Жоон ичеги, ашказанды, урук чыктагыч безди, өпкөнү, боорду рак оорусунан сактоодо

Кант диабетин дарылоодо:
– Кандагы канттын деңгээлин түшүрүүдө
– Диабеттин тереңдеп кетип, кан тамырларды зыянга учуратуусунун алдын алууда
– Картаюу процессин жайлатып, организмди жашартууда
– Бел кубатты жакшыртууда колдонулат.

Элдик медицинада колдонулушу
Төрөттөн кийин чач түшө баштаса…
Адатта чачтын түшө башташын токтотуу үчүн сарымсак колдонулат. Ал үчүн сарымсакты сүргүчтөн өткө­рүп, ширесин сыгып алып, чачтын түп­тө­рү­нө сүртүү керек. Башты целлофан менен ороп, жылуу жоолук салынуу дурус. 1 сааттан соң жууп салынат. Ыкма аптасына 2 жолу колдонулат.

Кандагы холестеринди азайтуу үчүн…
Күнүгө 3 маал кайнап муздаган сууга сарымсактын упадай майдаланганынан (чоң дүкөндөрдө сатылат) 1 чымчымдан салып ичүү керектелет. Эгер даяр сарымсак порошогу жок болсо, анда үйдөн даярдап алса болот. Ал үчүн тазаланган сарымсакты майда туурап дакиге жайып, бөлмө температурасында кургатуу кажет. Анан кургаган сарымсакты майдалап жанчып, айнек банкага сактап, пайдалана берсе болот.

Жүрөк оорусунда…
Жүрөктө оорутуу пайда болгондо тазаланган орточо өлчөмдөгү бир тиш сарымсакты жеш сунушталат.

Гипертонияда (кан басымдын көтөрүлүшү үчүн)
Сарымсак порошогунан жарым аш кашык алып, ага жалбыздын кайнатмасын кошуп ичет.

Бронхиалдык астмада
100 грамм майдаланган сарымсак, 100 грамм жанчылган хрен, 150 грамм каймак май жана 600 грамм балды кошуп, аралаштырып идишке салабыз. Суусу кайнап жаткан идишке салып, аралашманы сыртынан ысытып алабыз. Эми оозун бекем жаап, караңгы жайда 10 күн сактайбыз. Тамак ичерден 1 саат мурун 1 аш кашыктан кабыл алынат. Дарылоо курсу 2 ай. Зарыл болсо, дарылоо курсун 1 ай эс алуудан кийин кайталаса болот.

Эскертүү! Жогоруда жазылган дарылануу ыкмаларын ашказан-ичегилеринде оорусу барларга колдонууга болбойт!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

698