7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Экотуризми өнүккөн Түркия! Кооз кемпинг жана көз жоосун алган глемплингдер (ФОТО)

576

Айлана-чөйрө, жаратылыш менен гармонияда жашаган Түркия. Түркия көп жылдардан бери кооз табияты, бай ашканасы, тарыхтын издери калган байыркы шаарлары менен дүйнөгө таанылып келе жатат. Ошондой эле бул өлкө акыркы жылдары экотуризмге да өзгөчө маани берүүдө. Токой, жайлоо экосистемасын бузбай туруп, эс алуучу жайлар, кемпинг жана глемплинг аянтчаларын да салып баштады.

Кемпинг жана глемплингдер айрыкча ызы-чуудан качып, тынчтыкты гана каалап калгандар үчүн өтө ыңгайлуу келет. Түркиянын кемпинг жана глемплинг аянтчаларынын көпчүлүгүндө жаш балдар атайын ойнойтурган жайлар да курулган. Ошондой эле деңизге жакын жайгашкан кээ бир кемпингдерде кумдуу пляждар бар. Глемплингдердин баарында ысык-суу, электр энергия, жалпылап айтканда жашоого керек болгон бүт шарттар түзүлгөн.

Күн чекеден өтүп, мээ кайнаткан ысыктан жүдөп турасызбы? Анда көр тириликти токтото туруңуз да мээлүүн жел, салкын төрлүү Түркияга барып эс алып келиңиз. Баратурган кемпинг жана гремплингдердин шарт, жагдайлары менен маршруттарын болсо төмөнкү маалыматтык блоктон билип алыңыз.

КАБАК БАЙ-ФЕТХИЕ, МУГЛА МАРШРУТУ

Бир убакытта деңиз-кум-күн энергиясынан рахат алгыңыз келсе анда Жер Ортолук деңизинин чок ортосунда жайгашкан Кабак булуңуна барып, ал жерлердеги чатыр жана глампингдерге барыңыз.

Фетхия районунда жайгашкан Мугла Туркиянын эң тынч, абасы таза айылдарынын бири. Учу-кыйры жок токойлор жана токой аралаган ичке жолдор менен Кабак айылына барасыз. Түркиянын эң алыс жолдорунан жүргөн Ликия маршруту дал ушул Кабак айылына да токтоп өтөт. Андан ары бул маршрут Кабак булуңуна барат. Кабак булуңунда тигилген чатырларда түнөп, деңиздин муздак суусуна түшүп, сергип кетиңиз.

ФАРАЛЯ- ФЕТХИЕ, МУГЛА МАРШРУТУ

Түркиянын кол жеткис пляждары жана көк булуңдары менен белгилүү Фараля курорту, жашыл табияты жана глампинг борборлору менен да туристтердин кызыгуусун арттырып келет.
Курортто жогорку деңгээлдеги мейманканалар, комфорт ресторан жана жыгач кемпингдер бар. Ызы-чуудан алыс эс алгысы келгендерге гремплингдер да тигилген. Ошондой эле Фараля курортунун жеке бакчалары, бассейндери жана жакузилери, массаж терапиялары да бар. Жаңы үйлөнгөн жаштар бал айларын көбүнчө курорттун дал ушул жеке бакчаларында өткөрүшөт.

КӨПӨЛӨКТӨР МЕКЕНИ — ФЕТХИЕ, МУГЛА МАРШРУТУ

Көпөлөктөрдүн 80ден ашык түрү жашаган Көпөлөктөр өрөөнү чет өлкөлүктөр таң калган дагы бир өзгөчө жер. Кампка келген коноктор жап-жашыл талаа жана 350 метр бийиктен түшкөн шаркыратманын тегерегине чатыр тигип, эс алып кетсе болот. Бул өрөөнгө ыңгайлуу бунгалолор жана таш үйлөр көрк берип турат. Ошондой эле Көпөлөктөр мекенинде парапландар да бар.

КАПАДОКИЯ, НЕВШЕХИР

Дүйнөдөгү эң кызыктуу пейзаждардын бири Кападокия туристтер үчүн ыңгайлуу жана кооз кемпингдерди сунуштайт.

Пери бажалари, сыйкырдуу жер асты шаарлары жана даамдуу ашканасы менен өзгөчөлөнүп турган бул аймак, Гөреме ачык асман музейи, Сүйүшкөндөр өрөөнү жана Аванос айылы сыяктуу маанилүү жерлерге да жакын жайгашкан. Бул жерде да коноктор үчүн атайын кемпингдер, лагерлер бар. Кападокиянын кемпингдеринин дээрлик баарында эле электр энергия жана кафе, бассейн, душ, сыяктуу бүт шарттар түзүлгөн.

ЙЕДИГӨЛЕР УЛУТТУК ПАРКЫ, БОЛУ МАРШРУТУ

Болу облусунун чет жакасында жайгашкан Йедигөллер улуттук паркын Кара деңиздин токойлору кенен көлдөрдү курчап турат. Жаратылыш койнунда мээ сергиткиси келгендер бул районду издеп таап барышат. Паркта жети көл бар. Туристтер көл жээктерине чатыр тигип, эс алышат. Паркты түрө велосипед менен кыдырып чыксаңыз, жөө басып, сейилдесеңиз да болот.

ИГНЕАДА УЛУТТУК ПАРКЫ, КИРКЛАРЕЛИ МАРШРУТУ
Игнеада улуттук паркы Түркияда эң чоң глемплингдер тигилген парктардын бири. Бул паркта өсүмдүктүн 670 түрү бар. Ошондой эле канаттуунун 194 түрү жашайт.

Паркта жыгачтан “чатырлар” тигилген. Жыгач гремплингдер үстү айнек менен жабылгандыктан асман көрүнүп турат. Мындай гремплингдер чалкалап жатып, токой жана парктын түнкү кооздугун көрө аласыз. Игнеада улуттук паркында суу баскан токойлор, ачык бассейндерден тышкары, көркөм өнөр мастерскойлору, эл аралык жана түрк ашканалары, ошондой эле бир топ ресторандар да бар.

Көр тирилик деп эле көгөрүп жүрө бербей көңүлдү өзүңүзгө да буруп турганыңыз жакшы. Сиздин эс алууңузга биз кам көрөбүз. Түркияга кош келиңиз!

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

577