7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүү боюнча долбоор башталды

521

Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүү боюнча долбоор башталды. Долбоор гендердик теңчиликке, жеке жашоого кол тийбестик жана экологиялык укуктарга басым жасайт.

Бишкек – 2022-жылдын 18-ноябры – Укуктук реформаларга мониторинг жүргүзүүдө жана пропагандалоодо жарандык коомдун ролун күчөтүүгө багытталган «Адилеттүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы долбоордун бет ачар аземи болуп өттү. Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо гендердик теңчиликке, жеке жашоонун кол тийбестиги жана экологиялык укуктарга басым жасайт.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, ЖМК өкүлдөрү катышышты. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, анын ичинде КРнын Конституциялык сотунун Төрагасы Эмил Өскөнбаев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов, КРдагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн программалык менеджери Йотам Лерер, Долбоордун директору (Конрад Аденауэр атындагы Фонду) Игорь Брыжатый жана Долбоордун жетекчиси (Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн Макс Планк Фонду) Илариа Вианелло. «Адилетттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» аталышындагы долбоор Европа Биримдиги жана кошумча Конрад Аденауэр Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор Конрад Аденауэр атындагы Фонду тарабынан Макс Планктын Эл аралык тынчтык жана мыйзам үстөмдүгү үчүн фонду, «БИОМ» экологиялык кыймылы жана аялдардын «Алга» ассоциациясы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Иш-чаранын бет ачары долбоордун максаттары жана милдеттери менен тааныштыруу, ошондой эле адам укуктары маселелери боюнча негизги жооптуу тараптардан эксперттик кеп-кеңештерди жана байкоолорду алууга багытталган. Мындан тышкары, ар кандай деңгээлдеги аянтчаларда кызматташуунун жана өз ара аракеттенүүнүн жолдорун издөө үчүн уюштурулган.

«Адилеттүүлүккө мониторинг – Кыргызстанда адам укуктарын илгерилетүүдө жарандык коомду чыңдоо» долбоору иш-чаралардын комплексин ишке ашырууда төмөнкү негизги натыйжаларга жетишүүгө умтулат:

— Укуктук реформаларга жана адам укуктарынын кепилдиктерин ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү боюнча жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле калктын укуктук аң-сезиминин деңгээлин жогорулатуу.

— Жарандык коом жана консультациялык платформалар менен диалогду түзүү, Кыргызстанда укуктук айкындуулукту жана отчеттуулукту илгерилетүү.

— Реформаларга мониторинг жүргүзүү, айкындуулукту камсыздоо жана гендердик теңчиликти, жеке жашоонун жана экологиялык укуктарды коргоо үчүн санариптик инструменттерди иштеп чыгууну колдоо.

— Ченемдик укуктук актылардын адам укуктары, гендердик теңчилик, жеке кол тийбестик укугу жана экологиялык мыйзамдар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык принциптерине жана милдеттенмелерине шайкеш келишин жакшыртуу.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

522