Бүгүн, 14-ноябрда Баткен районунда ири айыл чарба жарманкеси өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарманкенин негизги максаты — калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу, ошондой эле жергиликтүү фермерлерге өз продукцияларын түз сатууга шарт түзүү. Иш-чарада айыл чарбасына тиешелүү товарлар кеңири ассортиментте базар баасынан бир топ төмөн баада сунушталууда.
“Уй этине болгон баа бүгүн 640 сомдон коюлуп, эл тарабынан чоң суроо-талап жаратууда. Мындан тышкары жарманкеде төмөнкү азыктар арзандатылган баада сатылууда:
- Ун, буудай, шекер;
- Жашылча-жемиштер;
- Кургатылган жана кайра иштетилген азыктар;
Чарба продукциясынын башка түрлөрү министрликтин билдирүүсүндө, мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдык жана баанын турукташуусун камсыздоо максатында өлкөнүн бардык аймактарында улантылары белгиленет”, — деп жазылат маалыматта.



