7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

EuroVelo & Cycling Tourism Conference быйыл Измирде өтөт

384

EuroVelo (Европа велосипед маршруту тармагы) жана Европа боюнча велосипед туризмин өнүктүрүүнү көздөгөн EuroVelo & Cycling Tourism Conference быйыл Түркиянын Измир шаарында өтөт.

Эл аралык велотуристтик конференция 2023-жыл, 11-октябрда башталып, үч күнгө созулат. Иш-чарага келген коноктор Измирдеги “Bike Friendly” күбөлүгүн алган отелдерге жайгаштырылат.

EuroVelo & Cycling Tourism Conference 2012-жылдан бери эки жылда бир жолу уюштурулуп келген. Бирок катышуучулар жана кызыккандар көбөйгөндүктөн конференция быйылдан тарта жыл сайын өткөрүлмөй болду.

Конференцияны Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги, Түркиянын Туризмди таанытуу жана өнүктүрүү агенттиги (TGA) жана Измир шаардык мэриясы Европа велосипедчилер федерациясынын (ECF) колдоосу менен уюштуруп жатат.

EuroVelo & Cycling Tourism Conference велоспорт туризми үчүн эң маанилүү эл аралык жолугушуу болуп саналат. Велосипед тармактары жана велоспорттук туризм чөйрөсү жөнүндө маалымат алмашуу үчүн идеалдуу аянтча десек болот. Ошондой эле конференция катышуучуларга велоспорт тармагындагы акыркы инфраструктуралык өнүгүүлөргө көз салуу жана идеяларды алмашуу аркылуу жаңы байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Вело конференция велосипед туризминдеги бардык кызыкдар тараптарды, анын ичинде велосипед туризми боюнча эксперттерди, Эл аралык велосипед ассоциацияларынын өкүлдөрүн, велоспорттук туроператорлорду, университеттердин жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүн, туризм жана мамлекеттик бийлик органдарынын башын бириктирет.

Конференциянын негизги темасы “Велосипед: Мурас үчүн жаңы багыт, жаңы көз караш”  деп аталат. Жыйында велотуризм боюнча ар түрдүү панелдер, диалогдор жана маалымат алмашууга багытталган кызыктуу программалар болот. Ал эми жыйындын программасы программасы сессиялардан, семинарлардан жана коомдук иш-чаралардан турат. Ошондой эле велоспорт туризми боюнча  ар тараптуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

EuroVelo — бул велосипед тебүүнүн ар түрдүү 17 жолу менен Европаны бириктирген эл аралык велосипед тармагы болуп саналат. Европа Велосипедчилер Федерациясына (ECF) баш ийген бул тармак вело туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барат.

EuroVelo 2023 конференциянын Түркияда өткөрүлүүсү өлкөнүн туруктуу туризмге олуттуу көңүл буруп жатканын кабар берет. Конференциянын жүрүшүндө велотурлар уюштурулат. Катышуучулар EuroVelo 8 – Жер Ортолук деңизи маршрутуна кирген жерлерди (Испаниядан башталып, Франция, Италия, Словения, Хорватия, Черногория, Албания жана Греция, Измир жана Түштүк Кипрге чейин) кыдырып, Измирдин тарыхый жана гастрономиялык баалуулуктарын көрүп чыгышат.

Испаниянын Андалусия аймагынан башталган веломаршрут Измирдин Дикили портунан Түркияга кирет. Алгач ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген Байыркы Пергам шаарына келет. Маршрут андан ары Измир Куш Бейиши, Каршыяка, Алсанжак, Сеферихисар, Сыгажык, Урла жана Алачатыдан өтүп, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген дагы бир байыркы шаар Эфеске келип токтойт.

Түркиянын вело жолдору Измир менен гана чектелген эмес. Өлкө өзүнүн өзгөчө географиялык жайгашуусу жана байыркы тарыхы менен велосипед туризми үчүн өтө уникалдуу жер. Түркияда өзүнүн маданий мурастары кол тийбеген жаратылышы жана альтернативдик туризм борборлору менен таанышкысы келгендер вело туристтер үчүн жетиштүү каттамдар бар. Маселен Көйжегиз-Ортажа-Даламан маршруттары; Анталиянын Кемер районундагы Ликия жолу, Маден Бич багыты, Кападокиянын кооз жаратылышы менен маанилуу тарыхый дестинациясын бириктирген Гүверчинлик өрөөнү – Гөреме Ачык асман алдындагы музей маршруттары  велотуристтерге кызмат кылып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

385