Эвакуацияланган кыргызстандыктар “Манас” аэропортуна конду. Бул тууралуу актёр Самат Эркинбеков социалдык баракчасына жазды.
Анын айтымында, Омандын чек арасында 30 сааттай турушкан.
“Кудайым буйруп, сиздердин дубаңыздар менен аман-эсен келип алдык. Оман мамлекети аркылуу учтук. Оман менен кайра-кайра сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ТИМдин кызматкерлери, консулдукта иштегендер чуркашып, оперативдүү иштеп жаткандарын өз көзүм менен көрүп, сыймыктандым. Чындап эле күчтүү мамлекетке айланып бараткандайбыз. Омандын чек арасындагы кипшти айтпагыла эми, 30саат дегенде жеттик”, — деп жазган.



