7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Европа Биримдиги Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого 32 млн евро бөлөт

685

Бүгүн, 6-апрелде “Кыргыз Республикасынын билим берүү секторунда реформаларды жүргүзүүгө контракт” программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган макулдашуунун алкагында Европа Биримдиги КРнын Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн евро өлчөмүндө грант бөлүп берет, анын ичинен 27 млн евро өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого, 5 млн евро кошумча колдоого жумшалат.

Белгилей кетсек, Европа Биримдигинин жардамы туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билим берүүгө өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга көмөктөшүүгө багытталган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

686