7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фахреттин Алтун Газа тилкесиндеги агрессияга байланыштуу билдирүү жасады

450

Бүткүл дүйнөнүн көз алдында Израил бир жылдан бери Газада геноцидди, кан төгүүнү улантып, эл аралык мыйзамдарды, адамдык баалуулуктарды тебелеп, карапайым калкты, бейкүнөө адамдарды, медицина кызматкерлерин жана журналисттерди кырып жатат. Бул тууралуу Түркия президентинин коммуникация департаментинин директору Фахреттин Алтун X социалдык тармагына жазды.

«Үрөй учурган бул мыкаачылык адамзаттын жалпы абийирин жаралап жатат. Адамдардын эң негизги муктаждыктарын камсыздоосуна тоскоол болгон Израиль 2023-жылдын 7-октябрынан бери 50 миңге жакын палестиналыкты өлтүрдү. Бул мыкаачылык, албетте, жазасыз калбайт. Израиль эртедир-кечтир бул үчүн жооп берет. Израилдин Газадагы геноцидинде каза болгон палестиналыктарды дагы бир жолу эскерип; тарыхтын маскара барактарынан орун алган бул кыргынды жектейбиз. Биз эл аралык коомчулукту бул геноцидди уюштургандарга каршы үн катууга чакырабыз. Президентибиз Режеп Тайып Эрдогандын жетекчилигинде мындан ары да бейкүнөө адамдардын жанында, зулумдукка каршы турабыз»- деди Фахреттин Алтун.

451