7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фейерверк жүктөп бараткан унаа жарылып, бир жаран каза болду

498

Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда оор жүк ташуучу унаа жол кырсыкка кабылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарылуучу пиротехникалык каражаттарды ташыган » HOWO» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган.

Кырсыктын кесепетинен фейерверктер жарылып, ири өрттүн чыгышына жол ачкан. Мындан улам саат 21:40та жана 22:04тө Балыкчы шаарынан өрт өчүрүүчү 2 күжүрмөн эсеп тартылган.

Өрт 23:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Тилекке каршы тилсиз жоонун кесепетинен жүк ташуучу унаадагы бир адам каза болуп, өздүгү такталууда.

499