7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фейсбук аркылуу экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалды

716

Социалдык тармак аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун активдүү жактоочусу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Тиешелүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматкерлери тарабынан Фейсбук социалдык тармагында «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун материалдарын таратып жүргөн делген колдочусунун аккаунтун аныкташкан. Жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу менен ал тараткан материалдарда тыюу салынган идеологиянын мазмуну бар экендиги тастыкталган.

Тартууга шектелип 48 жаштагы жаран аныкталган. Ал социалдык тармакка катталып, аны колдонуп жүргөн уюлдук телефону алынган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды даярдоо жана жайылтуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

717