7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жоюлуп кеткен Финполдун төрагасынын мурдагы орун басары кармалды

545

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) төрагасынын мурдагы орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Өкмөткө караштуу Финансы полициясынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы жана Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б.нын көзөмөлү астында ири суммадагы акча каражатын Кытай Эл Республикасына мыйзамсыз которуу боюнча туруктуу канал уюштурган бир нече жарандардын тобун жана коммерциялык банктардын өкүлдөрүн текшерүүдө.

Кылмыштуу топтун жетекчилери Кыргызстандын жарандары экендиги аныкталып, алар «Халык Банк Кыргызстан» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басарынын жардамы менен өздөрүнүн фирмалары жана жасалма компаниялары аркылуу Россиядан Кыргызстанга контрабандалык жол менен алынып келинген акча каражаттарын которууну ишке ашырып, андан кийин жасалма бажы документтеринин негизинде Кытай Эл Республикасына өткөрүп берген.

2020-жылдын 23-мартынан 28-майына чейин «Бишкек Үч жүз он эки» ЖЧКсынан «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банк аркылуу Кытайга 49 миллион 153 миң 999 доллар накталай түрдө которгон. 2020-жылдын 1-сентябрынан 30-октябрына чейин «Кейджи Импэкс» ЖЧКсы «Халык Банк Кыргызстан» ААК коммерциялык банкы аркылуу Кытайга 311 миллион 56 миң 270 доллар которгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2022-жылдын 7-апрелинде жогорудагы коррупциялык схемага тиешеси бар, ошондой эле мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Өкмөткө караштуу Финансы полициясынын төрагасынын мурдагы орун басары Г.Б.Б. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо максатында тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Г.Б.Б. инициалы Гайназаров Бакытбек Батыровичке дал келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

546