Бишкектин Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде төрт унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу сүрөт социалдык тармактарда тарады.
Сүрөттөн жол кырсыкка катыштыгы бар унаалардын маркаларын байкоого болот. Анда Toyota, Honda, Volkswagen и Hyundai үлгүсүндөгү унаалар бар.
Күбөлөрдүн айтымында, алдыда бара жаткан унаа дароо унааны токтотуп жиберген. Анын артында келе жаткан унаалар бири-бирин сүзүп кеткен.