7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Филармониянын алдындагы фонтандарды демонтаждоо иштери башталды

339

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы фонтандарды реконструкциялоого даярдык көрүүнүн алкагында учурда демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаар мэриясы билдирди.

Демонтаждоо иштери аяктагандан кийин негизги этап — фонтан комплексин реконструкциялоо иштерин баштоо пландалууда.

Долбоорго ылайык, конструктивдик элементтер жаңыланып, инженердик системалар модернизацияланат, ошондой эле айланасындагы аймакка көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, аталган фонтан комплекси акыркы жолу 2002-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Учурдагы долбоордун алкагында объект толугу менен жаңыланып, бардык инженердик тармактар алмаштырылат.

Бул иштер шаардык инфраструктураны жаңылоо жана реконструкциялоо долбоордун алкагында ишке ашырылып, борбор калаанын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, ошондой эле шаар тургундары жана коноктору үчүн ыңгайлуу коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.

340