7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол 2 жыл мөөнөтү өтүп кеткен татуулардын кампасын ачыктады

346

Финпол “Не сахар” долбоору менен биргеликте мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктардын дагы бир кампасын тапты. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшү кызматынан билдирди.

Маалымат боюнча, 2021-жылдын 12-январында, Финансы полициясынын кызматкерлери “Не сахар” долбоору менен биргеликте дагы бир кампаны табышты, анда 2018-жылга чейин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар (конфеттер, печенье жана ар кандай таттуулар) сакталып турган. Ушул эле кампадан таңгактардагы чыгарылган күндү оңдош (өзгөртүш) үчүн мөөрлөр, ошондой эле иш жүзүндө жарактуулук мөөнөтү жок азыктар табылган жана алынган. Мөөнөтү бүткөн азыктар бар, табылган кампага мөөр басылган.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат, анын жүрүшүн ЭККМКнын төрагасы С.А. Жапыкеев өзү көзөмөлгө алды.

Муну менен катар Финансы полициясы республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-
чараларды көрүүнү улантууда. Урматтуу бизнес өкүлдөрү, эгерде сиз сатып жаткан товардын мөөнөтү өтүп кеткен жана талаптагыдай сапатына жооп бербей жатканы белгилүү болуп калса, анда биз сизден пайда көрбөөгө жана калктын ден соолугуна коркунуч келтирбөөгө чакырабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

347