7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Финпол: Өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схема жок кылынды

223

Финансы полициясы өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөмдөрүн жашыруу боюнча коррупциялык схеманы жок кылды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, ушул мыйзамсыз иш-аракеттерди жасаган кылмышкерлер, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдары менен алдын-ала сүйлөшүп алып, башка мамлекетке туруктуу жашоого көчүп кетүүнү пландаштырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын, алардын атына коомду каттоо жана кийинчерээк ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринен тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөстөн ири көлөмдөгү элдик керектөөдөгү товарларды ташып келүү максатында, акчалай сыйлыкка тандашкан жана көндүрүшкөн.

Ошол эле учурда, бул адамдар акы төлөп, товардык-материалдык баалуулуктарды ташып кирүүдө талап кылынган жасалма документтерди даярдашкан, муну менен ташылып келген товардык-материалдык баалуулуктардын чыныгы ээлерин салык төлөмдөрүн төлөөдөн качууга көмөктөшкөн.

«2021-жылдын 13-февралында, тийиштүү иш-чаралардын жүрүшүндө, бул кылмыш схемасынын башкы уюштуруучусу А.А. аттуу жаран кармалган. Кармалган адамга карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндө чарасы колдонулган.

Кармалган адамдын унаасын жана үйүн тинтүү учурунда чет элдик компаниялардын мөөрлөрү, бухгалтердик документтер, Кыргыз Республикасынын жарандарынын паспорттору, ошондой эле ири суммадагы акча каражаттары табылды«,- деп айтылат маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

224