7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

#ФОКУС/ Сиз бул азыктарды «пайдалуу» деп эсептейт болчусуз, бирок…

1121

Жай мезгили ысык болгондуктан калаадан оолак болуп, сырт жактарга чыгып кетүүнү баарыбыз эп көрөбүз. Бирок, көбүнчө айымдар жай мезгили келээрде өзүнүн дене түзүлүшүнө канааттанбай, арыктоо үчүн аракет кылып башташат. Айрымдары спорт клубдарга жазылат, а кээ бирлери арыктатуучу аз калориялуу азыктарды жеп, диета кармашат.

Бирок, алар канчалык деңгээлде жаңылыш сунушталган пайдалуу азыктардан тамактанышууда. Төмөндө «пайдалуу» деп сунушталган пайдасыз азыктарды сунуштайбыз:

(Кыйгач тамгалар менен жазылгандар жаңылыш сунушталган азыктар, ал эми кара тамгалар менен жазылгандар чыныгы курамы жана зыяндуулугу)

  1. Кургатылган дан эгиндери жана тез даярдалуучу ботколор

Дан эгиндери ашыкча салмак менен күрөшүүгө жакшы жардам берет  жана кальцийге бай. Ал эми ботколор күч менен энергиянын булагы болуп эсептелинет

Кургатылган дан эгиндери калорияга өтө бай жана шекер менен майдын көп өлчөмүн камтыйт. Андыктан кургатылган дан эгиндеринен жасалган ботколор ден соолугуңузга да терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

2. Зайтун майы

Өсүмдүк майына караганда арыктоого жардам берет

Зайтун майын бөлмө температурасында сактасаңыз гана пайдалуу, эгер кууруй турган болсоңуз — транс майлар менен канцерогендер пайда болуп, натыйжада ракка алып келет.

3. Сүт азыктары, йогурттар

Кальцийге,  пайдалуу бактерияларга бай жана тамак сиңирүүнү жакшыртат, арыктоого жардам берет

Салмак кошуучу көп өлчөмдөгү өсүмдүк майлары менен кантка бай

4.  Камыш канты

Кадимки кантка караганда калориясы азыраак, витаминдер менен толгон

Бул кадимки эле шекердин күрөң түстөгүнүсү, демек, карартуу үчүн химилык заттар кошулгандыктан кадимки шекерден да зыяндуураак

5. Кытырак нан

Булочка менен кытырак нан пайдалуу, тамак сиңирүүнү жакшыртат, аллергендерди жана токсиндерди кетирет

Нандын бардыгы ден-соолукка пайдалуу ундан жасала бербейт. Курамына ачыткы, крахмал кошулушу мүмкүн, бул албетте семиртүүчү кошулмалар

6. Ачуу шоколад

Сүттөн жасалган шоколадга караганда калориясы азыраак. Маанайды көтөрүп, стресске туруштук берет

Сапаттуу какао буурчактарынын ордуна көбүнчө арзан какао-порошокторду кошушат, анан дагы шекердин көп өлчөмдө кошулаарын баса белгилөө керек

7. Суусундуктар

Витаминдерге бай жана арыктагысы келгендер үчүн өтө пайдалуу

Суусундуктарга көп көлөмдө шекер кошулат. Көп ичүү бир гана толуп кетүү үчүн гана кооптуу эмес, көп колдонуу кант диабетине алып келет 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1122