Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы ачылды. Ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Жаңы бөлүмдүн ачылыш аземине Кувейт, Катар жана Сауд Арабиясынан меймандар катышты. Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган.
Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 жатуучу орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле, жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган.
Эми балдар онкологиясынын колунда биринчи жолу өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты менен реанимациясы болот. Баш мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Андай бейтаптар бардык оорулуулардын 30% түзөт. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү менен жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү.