Кыргызстандын бир нече аймактарында 20дан ашык уурулук кылган уюшкан кылмыштуу топ колго түштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматы алар Бишкек, Ош шаарларында, Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын аймагынан баалуу буюмдарды жана малдарды, жалпы 20 дан ашык уурулук жасашкан.
“Көбүнчө уурулар акчаны жана баалуу буюмдарды, чөнтөккө же баштыкка оңой бата турган нерселерди алышкан. Көлөмдүү жана оор нерселерди алып кеткени сейрек кездешкен. Алар эч жерде иштебеген, бирок курорттордо эс алып, ырахаттанып шаңдуу күн өткөрүшчү. Алар эс алган жеринде дагы өздөрүнүн мыйзамсыз иштерин уланташып, пансионаттагы коттедждердин биринде кошуна бөлмөгө уурулук кылышкан. Кылмышкерлер жакында эле өздөрүнө машина сатып алышкан”,-деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз аракеттерди жасаган кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалган:
- 1999-жылы туулган жаран Т.М., Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, Түптөгү үйүнөн кармалган,
- 1999-жылы туулган жаран Ж.М., Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну, Бишкектен кармалган,
- 2000-жылы туулган жаран С.А., Балыкчы шаарынын тургуну, мурда соттолгон. Балыкчыда кармалган,
- 2000-жылы туулган жаран Б.А., Нарын облусунун Жумгал районунун тургуну. Бишкек шаарынын жаңы конуштардын биринен кармалган.
Азыркы учурда кылмыштын башка шериктерин кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө. Ал эми кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
- Алар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынан бейтааныш жарандын үйүнөн акчалай жана баалуу буюм түрүндө жалпы 52 миң сомдук уурулук кылышкан.
- Июль айында Балыкчыдан баалуу буюмдарды, анын ичинде ноутбук менен телефонду жана башка товарларды (бир нече кийим топтомун) уурдап кетишкен. Келтирилген зыян 100 миң сомдон ашык.
- Ага улай эле Түп районунан бир нече адамдын жылкысын уурдашкан. Шектүүлөрдүн бири көп узабай, Mercedes-Benz-E230 үлгүсүндөгү унааны сатып алып, милиция ушул жерден иликтеп баштаган.
Азыркы учурда тергөө иш-чаралары уланууда.