Кечээ, 16-сентябрь Баткенге жаңыдн курулган Мадина шаарчасынын ачылуу аземи болуп өттү.
Белгилүү болгондой бул үйлөр 28-29-30-апрелде жана 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда, тажик аскерлери тарабынан талкаланган үйлөрдүн ордуна курулган. Баткендин Чек-Булак конушуна курулган 36 үйдөн турган жаңы шаарча ошол окуяда окко учкан 12 жаштагы Лейлектин тургуну Мадина Рахматжанованын жаркын элесине арналып, «Мадина» -деп аталды.
Кечээ, 16-сентябрь «Мадина» шарчасы ачылып, тургундарга үйлөрдүң ачкычтары салтанаттуу концерттин коштоосунда тапшырылды. Окшош курулган үйлөр 4 бөлмөдөн туруп, баардык шарты менен заманбап шартта курулган. Ар бир үйдүн короосу 6 сотыхтан турат. Аймакта бала бакча жана сейил бак да болору айтылат. Үйлөрдү «Каганат инвест» компаниясы курган.