Бүгүн, 16-сентябрь «Кумтөр» иши боюнча мурдагы-премьер-министри Жоомарт Оторбаев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
16-сентябрда жүргүзүлгөн тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгына жана иште алынган далилдерге таянып, тергөө өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев УКМКнын терөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайынын кармоо чечимин кабыл алган.
«Тергөөдө аныкталгандай, Ж.Оторбаев Кыргыз Республикасынын Премьер-министри болуп турган кезде, КР Өкмөтүнүн алдындагы Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Кумтөр кенинин башкы планынын алкагында айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо үчүн, Кыргыз Республикасынын «Суу жөнүндө» Суу кодексинин жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен, Кумтөр Голд Компанинин («Центера Голд Инк.») чет элдик компаниясынын кызыкчылыгы үчүн буйрук алып, Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн мындан ары жок кылууга макулдук берген»- дейт УКМК.