УКМК тарабынан 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо ири суммадагы акчаны алдоо жолу менен мыйзамсыз алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү жана өлкөнүн парламентинин экс-депутаты Ч.Р. тарабынан, депутаттык мандат үчүн 300 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражат алынып, арыз ээсине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.
«Бүгүн, 16-сентябрында жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгына жана алынган далилдерге негизинде аталган Ч.Р., КР Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Жакын арада тергөө «Ч.Р.ны» тергөө иши бүткүчө баш коргоо чарасын кабыл улуу маселесин карайт, тергөөнүн алкагында бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган толук чаралар көрүлөт» -деп жазылат маалыматта.
УКМК өлкөдөгү системалуу жана саясий коррупциянын фактыларын аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу боюнча системалуу иштер уланууда.